Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Абдулла шайлоо комиссиясына талап койду


Ооганстандын президенттигине талапкер Абдулла Абдулла анын талаптары аткарылбаса, 14-июнда берилген добуштарды кайра саноо жараянынан чыгаарын эскертти. Абдулланын өкүлү Фазель Ахмад Манавинин айтуусунда, бурмаланган добуштарды алып салуу боюнча талабын шайлоо комиссиясы көз жаздымда калтырып келатат.

Экинчи айлампага чыккан Абдулла менен Ашраф Гани экөө тең жеңгендигин билдирип чыккандан кийин шайлоо процесси туңгуюкка такалган. АКШнын арачылыгы менен түзүлгөн келишимдин бир бөлүгү катары добуштарды аудиттен өткөрүү макулдашылган. Кайра саноо аяктай элек. Жакында президент Хамид Карзай жаңы мамлекет башчынын ант берүүсү 2-сентябрда өтөөрүн, ал дата өзгөртүлбөсүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG