Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Хамас: ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашылды


Батыш кабар агенттиктери Хамас уюмунун жогорку өкүлүнө шилтеп жазышканына караганда, Израиль менен ок чыгарбоо тууралуу сүйлөшүлдү. 7 жумадан бери уланып келаткан кармашта палестиналык 2 миң 133 киши каза болду, 11 миңден ашууну жараланды. Израил тараптан 68 киши набыт кетти.

Атын атабоону каалаган өкүлдүн айтымында, макулдашууга ок атышууну мөөнөтсүз токтотуу жана Газа тилкесинин блокадасын жеңилдетүү чакырыгы камтылган.

Маалыматка караганда, Газанын аэропортун жана деңиздеги портун кайра ачуу жөнүндөгү Хамастын талабы талкууланчу сүйлөшүү бир айдан кийин башталмакчы.

Израил бул кабар боюнча комментарий жасай элек.

XS
SM
MD
LG