Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Францияда жаңы өкмөт куралды


Франциянын Экономика министрлигине 36 жаштагы Эммануэл Макрон дайындалды. Ал буга чейин президент Франсуа Олландын жана экс-банкир Ротшилддин экономикалык кеңешчиси болуп келген. Тышкы иштер министри Лоран Фабиус жана ички иштер министри Мишел Сапэн ордунда калды.

Өкмөттүн экономикада кескин чараларын ачык сындаган үч министр жаңы кабинетке кирбей калды. Алардын бири Франциянын экономика министри Арно Монтенбур салыктарды кыскартып, бюджеттик чыгымдарды көбөйтүү талабы менен өкмөттү сынга алгандан кийин президент Франсуа Олланд премьер-министр Мануэл Вальстын кызматтан бошотуу арызын кабыл алып, бирок кайра өзүнө эле жаңы өкмөт куроону тапшырган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG