Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Бишкекте кыргыз-тажик сүйлөшүүсү бүгүн уланат

Бул тууралуу чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.Чек араны делимитациялоо боюнча вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги кыргыз-тажик сүйлөшүүсү кечээ күнү башталган. Тажик делегациясын вице-премьер-министр Мурадоли Алимардон, Кыргызстандыкын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектөөдө.

Курбанбай Искандаровдун айтымында,  жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы 25-августтагы окуя да каралууда. Белгилүү болгондой, бул сүйлөшүүлөр башталаар алдында 25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду жергесинде кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, анда тажик тараптан эки киши набыт кетип, бешөө жарадар болгону кабарланган.  (AiT)

XS
SM
MD
LG