Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Ошто эки жүздөн ашуун мугалим жетишпейт


Жаңы окуу жылына Ош облусу боюнча 223 мугалим жетишпей турат. Бул тууралуу билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмесинде өкмөттүн Ош облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, 39 мектепте компьютердик класстар жок. Жээнбеков жогорудагы маселелерди чечүүнү жергиликтүү бийлик башчыларына тапшырып, 10-сентябрга чейин ар бир мектепке компьютер жеткирүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Ош облусундагы 521 орто мектепте 17 464 мугалим эмгектенет. Быйыл 1-сентябрда карата аймакта 11 жаңы мектеп колдонууга берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG