Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Кыргыз-тажик өкүлдөрү жол курулушун тең баштоого макулдашты


Кыргыз жана тажик өкмөт өкүлдөрү чек ара аймагындагы Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жана Исфара-Ворух унаа жолдорунун курулушун бир убакта баштоого макулдашты. Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолу тажиктердин Точикон айылын, Исфара-Ворух жолу кыргыздардын Ак-Сай кыштагын айланып өтөт.

Бишкекте 26-августта башталган сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө ушундай макулдашууга жетишилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу бүгүн уланууда. Аны кыргыз тараптан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, тажик тараптан вице-премьер-министр Муродали Алимардон жетектеп жатат. Сүйлөшүүдө тараптар Максат - Кулунду көпүрөсүн куруу ишин жандантуу маселеси козголду. Жумуш сентябрда башталаары айтылууда.

Буга чейин жол курууну баштоо жана улантуу жаатында сүйлөшүүлөр болуп, бирок аймактагы жаңжалдардан улам артка сүрүлүп келет. Чек ара кызматы билдиргендей, соңку алты ай ичинде кыргыз-тажик чегинде 29 чыр-чатак катталган. Ага негизинен чек ара такталып бүтө электиги, жер-суу талаштары себеп болууда. Эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча комиссиялары ай сайын жолугат. Бирок андан майнап чыкпай, чек арадагы чырдын аягы тыйылбай келет.

Кезектеги жолугушуу Тажикстанда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG