Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Карзай НАТО жыйынына катышпайт


Ооган президенти Хамид Карзай келерки аптада Британияда өтө турган НАТО саммитине катышпайт. Карзайдын расмий өкүлү Аймал Фейзинин айтымында, буга НАТО күчтөрүнүн Ооганстанда калуу мөөнөтү боюнча Пентагон менен пикир келишпестик себеп болууда. Жыйынга өлкөнүн жаңы президенти же жогорку кызматтагы расмий адамдардын бири барат.

4-5-сентябрда өтө турган саммитте НАТО кеткенден кийин Ооганстанга берилүүчү жардамдын көлөмү талкууланат.

Белгилүү болгондой, 2001-жылы киргизилген эл аралык күчтөрдүн мөөнөтү быйыл декабрда аяктайт. Бирок НАТО андан кийин да айрым аскерлер калып, ооган армиясына жардам берүүсү керек деп сунуштаган. Расмий Кабул буга макул болбой келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG