Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

“Газпром” Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоого убада берди


“Газпром-Кыргызстан” ишканасы мамлекетти үзгүлтүксүз көгүлтүр от менен камсыздоочу ишенимдүү компания болот. Бул тууралуу мекеменин башчысы Алексей Миллер менен президент Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусунан соң “Газпромдун” расмий сайты кабарлады. Анда газ маселесин чечүүдө негизги көңүл мамлекеттин түштүк аймагына бурулары да жазылган.

Миллер Бишкекке 27-августтун кечинде келип, президент жана өкмөт башчы менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда маалым болгондой, “Газпром” тарабынан “Көгарт” жана “Чыгыш Майлуу-Суу IV” аймактарында геологиялык чалгындоо иштери да жүргүзүлмөкчү. Ошондой эле ишкана Кыргызстандын мунай продукцияларын рыноктук шартта өндүрүү ишин баштайт.

Быйыл “Газпром” “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алган. Буга байланыштуу апрель айынан тарта Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. (SE)

XS
SM
MD
LG