Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Израил да, ХАМАС да жеңгенин айтууда


Израил жана ХАМАС Газа тилкесиндеги жети жумалык согуштагы жеңишин жарыялады. 27-августтагы телекайрылууда Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху ХАМАС катуу сокку жеп, талап кылганынын эч нерсесин албады деди: “Биз ок атууларды узак мөөнөткө токтотолу деген максатыбызга жеттикпи? “Ооба” деп айтканга али эрте дээр элем. Бирок ХАМАСка катуу соку урулду деп айта алам.”

Өз жеңишин жарыялаган ХАМАСтын беткапчан согушчандары Газада кыйраган үйлөрдүн, жайнаган автомат-минометтор жана ракеталардын жанына чогулушту. 26-августтагы элдешүү 2100дөн ашуун адамдын өмүрүн жалмаган жети жумалык урушту токтотту. Набыт болгондордун көбү палестиндер.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалымдашынча, анын гумжардам тарткан алгачкы кербени Газага жетти. Ал тамак-аштар 150 миң адамга беш күнгө жетет. Газалыктардын балык уулоочу кайыктарынын деңизге чыгуусу жеңилдетилип, курулушчулар имараттарды оңдоого киришкени кабарланды.

XS
SM
MD
LG