Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Тажикстанда Умид Тешаев өмүр бою абакта калтырылды


Куляб шаарында түрмө башчысы Умар Кайымовго кайчы уруп өлтүргөн арестант-чачтарач калган өмүрүн абакта өткөрөт. Умид Тешаевдин адвокаты “Азаттык” радиосунун тажик кызматына билдиришинче, 27-августта сот айыпкердин 30 жылдык өкүмүн өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөрттү. Сот баштапкы өкүмүн Умар Кайымовдун жакындарынын талабы менен өзгөрткөнүн айыпкердин адвокаты айтты. Тешаев быйыл февралда Куляб шаарындагы түрмөнүн башчысын чачын алып жатып өлтүргөн. Ага чейин да чачын кестиргени келген кардарды кайчы менен уруп өлтүргөнү үчүн 17 жарым жылга кесилип, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

XS
SM
MD
LG