Чүйдө буулган жол ачылды
“РедМет” кен казуу компаниясынын жумушун токтотууну талап кылып, Чүйдүн Панфилов районундагы Бишкек - Чалдыбар унаа жолун бууп тургандар акцияны токтотушту. Алар менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев жолугушуп, алардын талаптары эки күн ичинде чечилерин айткан соң, топтолгондор жолду ачышты. Акция катышуучулары эки күн аралыгында тоо кен компаниясы техникаларын Чоң-Кайынды капчыгайынан алып чыгып кетпесе, кайра акцияга чыгышарын эскертишти. Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тургундары Чоң-Кайынды капчыгайында “РедМет” тоо-кен казуу компаниясынын жумушун токтотуу талабы менен бүгүн түшкө жакын Бишкек - Чалдыбар жолун тосушкан. Алар компаниянын жумушу экологияга коркунуч алып келерин айтып жатышат.
Чыгарылыштар
-
Июнь 17, 2026Ысык-Көлдө кайык жарышы өтмөй болду
-
Июнь 08, 2026Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
-
Май 27, 2026Бишкек: Курман айт намазына миңдеген киши чогулду
-
Май 24, 2026"Сарык болдук, оорудук". Таза сууга зар болгондор
-
Май 11, 2026Бакиевдер курган фабрика, апрелчилердин арыз-муңу