Бүгүн сот бийлигинин кызматкерлери биометрикалык маалыматтарын тапшырышат. 28-августта өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, депутаттар жана кызматкерлер биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан. Жалпы жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо сентябрда башталып, келерки жылдын август айына чейин уланмакчы. (AiT)