Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Таластагы жарылууда жабыркагандардын төртөө каза болду


Дагы бир кишинин абалы оор. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Акыл Калыбаев билдирди.

25-августта “Биримдик” ишканасынын май ташыган унаасы он тонна күйүүчү майы менен ишкананын базасынан күйүп кетип, беш киши оор жараат менен бейтапканага түшкөн.

- Бешөөнү тең оор абалда реанимацияга жаткырганбыз. Бирөө ошол эле күнү каза болгон. Анан дагы үчөө көз жумду. Бир киши азыр оор жатат. Бишкектен эки адис чакырганбыз. Мындай окуя биздин бөлүмдүн тарыхында алгачкы ирет болуп жатат, - деди Калыбаев.

Кырсыкта жараат алып, каза тапкандардын баары жергиликтүү тургундар. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG