Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Өмүркулов боюнча сот чечими күчүндө калды


Бишкек шаардык соту калаанын мурдагы башчысы Иса Өмүркуловду актоо боюнча Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот отуруму бүгүн болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-мэр өзү билдирди.

Башкы прокуратура Өмүркулов кызмат абалынан аша чапты деп, февраль айында кылмыш ишин козгогон. Аны менен кошо мэриянын дагы төрт кызматкери Бишкектеги Жеңиш паркынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталган болчу.

1-августта Октябрь райондук соту аларды толук актаган. Прокуратура Иса Өмүркуловдун айыбы далилденген деп, доо арыз жолдогон жана аны 8 жылга кесүүнү соттон сураган. (SE)

XS
SM
MD
LG