Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Кыргыз-тажик чек арасындагы күчөтүлгөн тартип алып салынды


Кыргыз-тажик чек арасына 25-августтагы жаңжалга байланыштуу киргизилген күчөтүлгөн тартип алып салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева билдирди. Эки өлкө расмийлери аймактагы коомдук-саясий абал стабилдүү деген тыянак менен, бүгүн ушундай чечимге келишкен.

25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик аскерлери чек ара аныктала элек жерге 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз жоокерлери ага жол берген эмес. Ортодо жаңжал чыгып, жарым сааттай ок атышуу болгон. Андан эки тажик жараны мерт кеткен. Андан бери чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан болчу.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда беш көзөмөл өткөрүү жайы бар. Анын үчөө Баткенде, экөө Чоң-Алай районунда жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG