Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Чыгыш Украинадагы чатакта 2 600дөй адам апаат болду


Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюму маалымдады. Жаңы докладда апрелден бери жүрүп жаткан куралдуу калаба кезде адам укуктары олуттуу бузулганы, анын ичинде көбүнчө орусиячыл жикчилдер тарабынан жарандар уурдалганы жана кыйноого алынганы айтылат. 29-августта Киевде жана Женевада жарыяланган докладда украин армиясы козголоңчулардын кол астындагы жерлерди бошотуп жатып жасаган зобун-зордуктар да көрсөтүлөт.

БУУ күн сайын 36 адамдын өлгөнүн салгылашуулар Чыгыш Украинанын эл жыш жашаган бөлүктөрүндө жүрүп жатканы менен түшүндүрөт жана 17-августка карай бери дегенде түрдүү куралдуу топтордун колунда 468 адам туткунда экени маалымдалат.

“Жарандарды бутага алуу – бул эл аралык мыйзамдарды бузуу жана аларды коргоо үчүн дагы көп иштер жасалыш керек,”- деди БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллэй.

XS
SM
MD
LG