Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Никарагуада кырсыкка кабылган шахтерлор куткарылды


Никарагуанын түндүгүндө жайгашкан Бонанза шаарына жакын жерде шахтага камалып калган 11 жумушчу куткарылды. Дагы 13 киши изделип жатат. Куткарылгандардын абалы дурус экенин жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Бейшемби күнү кенчилер иштеп жаткан учурда шахта көчүп, сыртка чыгуучу жол жабылып калган. Кырсыкка узак мөөнөттүү жамгыр себеп болгону айтылууда. Маалыматка ылайык, жумушчулар шахта ээсинин эскертүүсүнө карабай, ишти уланта берген.

Өткөн айда да ошол аймакта шахта көчүп, эки киши каза болгон эле. (SE)

XS
SM
MD
LG