Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:33

Украинанын кырсыкка кабылган учагындагылардын баары мерт кетти

Алжирдин түштүк бөлүгүндө бүгүн кулап түшкөн Украинага таандык Ан-12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын ичиндеги 7 адамдын баары каза тапты. Алжир өкмөтү алардын алтоо Украинанын, бирөө Орусиянын жараны экенин билдирди.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, “Украина-Аэроальянс” компаниясына таандык учак мунай иштеп чыгаруучу жабдыктар менен Алжирдин Таманрассет калаасынан Эквотариалдык Гвинеянын Малабо шаарына бараткан болчу.

Кыйроого техникалык мүчүлүштүк себеп экени божомолдонууда. (SE)

XS
SM
MD
LG