Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Атамбаев: Бажы биримдигине кирүүдөн башка жол жок


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Украина сыяктуу Европа Биримдигине чектешкен аймакта жайгашкан эмес. Ошондуктан президент Бажы биримдигине кирүүдөн башка альтернатива жок экенин белгилеп, бул жараян өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү болоорун билдирди.

Бирок кыргыз коомчулугунда Бажы биримдигине каршылар да бир топ. Алар буга чейин бул уюмга кирүүгө каршы бир катар акцияларды өткөрүп келишкен.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Эки күн мурда болсо кыргыз өкмөтү өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун жактырды. Эми бул мыйзам долбоорлор Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөкчү. Парламент аларды талкуулап, бекитиши керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG