Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

Вице-премьерлер мектептерде ачык сабак өтүшөт


Бүгүн вице-премьер-министрлердин баары Бишкектеги орто мектептерге барып, ачык сабак өтүшөт. Премьердин ар бир орун басарына бирден мектеп бөлүнгөнүн “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Алар эгемендиктин мааниси жана өткөн 23 жыл аралыгындагы көз карандысыз Кыргызстан басып өткөн жол тууралуу мектеп окуучулары менен пикир алмашат.

Бүгүн Кыргызстандагы бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, сабактар башталат. Өлкө боюнча 2024 мектеп бар, окуучулардын жалпы саны 1 миллиондун тегерегинде. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептердин 147си авариялык абалда. (SE)

XS
SM
MD
LG