Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:33

Чүйдүн Маданият айылында жаңы мектеп ачылды


Чүй районунун Маданият айылындагы жаңы мектептин ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты. Аталган эки кабаттуу мектеп 150 окуучуга ылайыкталып салынган. Курулуш үчүн өлкө казынасынан 63 млн. сом бөлүнгөн.

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, жаңы окуу жылына карата 22 мектептин курулушу бүткөн. Өлкө боюнча 7 айылдагы мектеп авариялык абалда болгондуктан окуучулар ижарага алынган үйлөрдө билим алышат. (UEz/TSh)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG