Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Чолпон-Атадагы ат майдандын ачылышы 5-сентябрга жылды


“Көчмөндөр оюнуна” карата кеңейтилип жаткан Чолпон-Атадагы ат майдандын ачылышы 5-сентябрга жылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов билдирди

Анын айтымында, учурда курулуштун 70 пайызы бүткөн. Курулуш кечеңдеп жаткандыгына байланыштуу жумушчулар 3 нөөмөттө иштеп жатышат. Буга чейин аталган ат майдандын ачылышы 1-сентябрда болору айтылып келген.

800 орундук ат майдан “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 киши бата турган болуп кеңейтилүүдө, курулуш иштери үчүн 68 млн. сом бөлүнгөн.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG