Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Музейден уурдалган желектер табыла элек


Бишкектеги Михаил Фрунзе атындагы музейден уурдалган үч экспонат желек табыла элек. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 30-август күнү түшкү 12лерде музейге келген көрүүчүлөрдүн бири музей кызматкерин жыга чаап, көргөзмө залында турган желектерди уурдап кеткен.

Уурдалган экспонанттар Советтер союзунун сыйлык катары берилчү өтмө Кызыл Туу жана башка эки желектердин көчүрмөлөрү болгон. Алардын түп нускалары Москвадагы тарых музейинде сакталуу. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран изделип жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG