Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Лавров: Орусиянын аскерлери Украинага басып кирбейт


Орусиянын аскерлери Чыгыш Украинага басып кирбейт. Бул жөнүндө өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-сентябрда Москвадагы Мамлекеттик Эл аралык мамилелер институту - МГИМОнун 1-курсунун студенттери менен кездешүүдө билдирди: ”Аскерий кийлигишүү болбойт. Биз бул оор кризисти, бул трагедияны тынч жол менен жөндөөнү колдойбуз. Биздин бардык аракеттерибиз дал ушул саясый чараны алдыга жылдырууга багытталган.”

Чыгыш Украинада апрелден бери орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлер менен салгылашууда. НАТО жакында Украинанын территориясында кеминде 1 миң орус аскери бар экенин билдирген.

Дүйшөмбү күнү Украин президенти Петро Порошенко Орусияны өлкөгө “ачыктан ачык басып кирди, бул согуш майданындагы өкмөттүк күчтөрдүн абалын катаалдантты", - деди Киевде Аскерий академиянын бүтүрүүчүлөрү алдында.

Австралиянын премьер-министри Тони Эботт 1-сентябрда: "Украинадагы жаңжалда кеминде 2 500 адамдын өмүрү жайран болду. Бул жакта эмне болгонун ачык айтайын. Муну Орусия баштады жана адамдардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти Орусия өзүнө алышы керек. Орусия азыр Украинанын чыгышын уят-сыяты жок эле Украинадан кертип алууга аракет жасоодо,” - деди Канберрада өлкө парламентинде сүйлөп.

XS
SM
MD
LG