Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Чүйдө 800 гектардан ашуун жердеги чөп күйүп жатат


Чүйдүн Туюк капчыгайындагы өрт.
Чүйдүн Туюк капчыгайындагы өрт.

Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагындагы Туюк капчыгайында өрт 30-августта кечке жуук башталган. Андан бери жүргүзүлүп жаткан өрт өчүрүү аракеттеринен толук майнап чыга элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, болжол менен 801 гектар жердеги кургаган чөп жана майда бадалдар күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө 122 адам тартылган.

Соңку күндөрү талаа жана жайыттардын күйүшү Чүй жана Нарын облустарында көп катталууда. Өткөн жумада адистер Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Токтогул, Аксы, Жети-Өгүз, Аламүдүн жана Нарын райондорундагы токойлордо өрт коркунучу жогору экенин эскерткен. Буга күндүн ысышы жана чөптөрдүн куурашы себеп болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG