Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Азимжан Аскаровдун соту эртеңкиге жылды


Ош коогасы боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун бүгүнкүгө белгиленген соттук иши эртең, 3-сентябрда уланат. Буга анын жактоочусу Валерьян Вахитовдун соттук курамдын бир мүчөсүнө болгон каршылыгы себеп болду.

Аскаров 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, райондук сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Быйыл жазында Бишкектин Октябрь райондук соту Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидовдун арызын канааттандырып, иш кайра тергеле баштаган. Бирок башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова Аскаровдун иши боюнча жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра текшерүү негизсиз деген токтом чыгарып, ишти өндүрүштөн кыскарткан. Аскаровдун жактоочусу Усманованын чыгарган токтомун жокко чыгаруу боюнча Жогорку Cотко доо арыз менен кайрылган. Жогорку Cот бул ишти эми эртең карай турган болду.

Укук коргоочу өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордун негизсиз экенин айтып келет. Ал учурда Бишкектеги түрмөлөрдүн биринде отурат. Аскаровдун камакка түшкөнүнө 15-сентябрда 4 жыл толот. (UEz)

XS
SM
MD
LG