Ирандын мурдагы вице-президенти Мухаммад Реза Рахими эркинен ажыратылды жана жазана төлөөгө милдеттендирилди. Бирок канча жылга кесилгени жана канча айып пул төлөөрү маалымдалбады.
Рахими өлкөнү 2005-2013-жылдары башкарган президент Махмуд Ахмединежаддын жакын жардамчыларынын бири болчу. Ахмединежаддын өкмөтү учурунда өлкөдө коррупциянын кеңири жайылышына жол берген деп айыпталган.
Ирандын өкмөттүк медиасы, соттун мартабалуу мүчөсү Гудамхусейн Мухсени-Эжейеге шилтеп, сот өкүмү толук чыга электигин маалымдады. Оболу Рахими коррупцияга аралашты деп соттолгону кабарланган. Депутаттар аны өкмөттүк бюджетти уурдоонун чоң схемасын иштеп чыккан деп күнөөлөшкөн. Ал 2013-жылы декабрда абактан күрөө пулга чыгарылганга чейин сурак берип, камакта отурган.