БУУ эбола вирусу тараган мамлекеттерде азык-түлүк тартыштыгы күчөп жатышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун айыл чарба жана азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, оорудан улам чек аралардын жабылышы, авиакаттамдардын токтотулушу жана башка чектөөлөрдөн улам азыктар саны кыскарып, базардагы баалар көтөрүлүп кеткен.
Соңку маалыматтарга ылайык, Батыш Африкада жайылган эбола вирусунун курмандыктары бир жарым миңден ашты. Оору жуктургандардын көпчүлүгү Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леон мамлекеттеринде.