Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Сузак: киши өлтүргөн баланын үй-бүлөсү башка аймакка көчүрүлөт


Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургундары жыйын куруп, 29-августта 19 жаштагы Таттыгүлдү мыкаачылык менен өлтүргөн Бакыт Абдирашитовду өлүм жазасына тартып, анын үй-бүлөсүн айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу айыл тургуну Талант Калчаев “Азаттыкка” билдирди.

Калчаев айыл эли Абдрашитовдун жакындарына 5 күндүн ичинде айылдан көчүп кетүү талабын койгонун кошумчалады. Айылдыктар Абдрашитовдордун чет жакта жүргөн башка баласын да көзөмөлгө алууну милицияга табыштаган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелисбек Шералиев бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Бакыт Абдирашитов камакка алынгандыгын тастыктады. (RsK)

XS
SM
MD
LG