Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Ооганстанда жанкечтинин чабуулу төрт адамдын өмүрүн алды


Ооганстандын чыгышындагы Газни шаарында талибдер мамлекеттик уюмдар жайгашкан районго чабуул жасады. Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, адегенде жанкечти Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жанында унаа жардырып, андан кийин имаратты басып алуу аракети жасалды.

Үч жай тургун жана бир полициячы мерт кетти. Дагы кеминде 60 адам жараат алды. Атышуу учурунда 8 согушкер жок кылынганын Газни шаарынын бийлиги кабарлады.

Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы алды. (RK)

XS
SM
MD
LG