Орусия Украинага чабуул жасоодо жана Украинанын чыгышындагы абалды курчутууну токтотпой жатат. Бул тууралуу бүгүн Уэльсте башталып жаткан НАТО жыйынында аталган уюмдун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди.
- Биз чыгыш тараптагы коопсуздук абалыбыз чукул өзгөргөнүн көрүп турабыз. Орусия Украинага чабуул жасоодо, - деди Расмуссен.
Анын айтымында, бүгүнкү саммитте альянстын чек арасын бекемдөө боюнча план кабыл алынат. Бүгүн НАТО лидерлери украин президенти Петро Порошенко менен жолугат жана уюмга мүчө эмес Украина менен кызматташтыкты күчөтүү багытында конкреттүү кадамдарды талкуулайт. (RK)