Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Баткен: Чек арадагы көпүрөнүн курулушу башталган жок


Лейлек районундагы Кулунду – Максат жолундагы эки көпүрөнүн бүгүнкүгө белгиленген курулушу башталган жок. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандан келген өкмөт өкүлдөрү аталган көпүрө курулуп жаткан аймакка келүүдөн баш тарткан. Алдын-ала макулдашууга ылайык, көпүрөнүн курулушу да бүгүн Баткендеги айланма жолдун курулушуна удаа башталмак.

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү Баткендин Ак-Сай айылында жолугуп, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жана Исфара – Ворух жолунун курулушуна жеринен күбө болушту. Ал жерге кыргыз тараптан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ, Тажикстандан өкмөт башчынын орун басары Муродали Алимардон баштаган расмийлер барышкан.

Быйыл жыл башынан бери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада бир канча жолу жаңжал чыккан. Өкмөттөр аралык ондон ашуун жолугушуулар болуп, августтун аягында тараптар жол куруу боюнча макулдашкан. (UEz/JsA)

XS
SM
MD
LG