Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

Порошенко атышууну токтотуу шартын атады


Эгер 5-сентябрда Минскте өтө турган жолугушууга Украина өкмөтүнүн жана орусиячыл жикчилердин өкүлдөрү катышып, сүйлөшүү башталса, украин бийлиги атышууну токтотууга даяр болот. Бул тууралуу бүгүн Уэльсте өтүп жаткан НАТО жыйынында украин президенти Петро Порошенко билдирди. Ал Минск сүйлөшүүсү башталса, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө Башкы штабга ок атышууну токтотуу буйругун берээрин билдирди.

Апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин атышууларынан 2,5 миңдей адам каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG