Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Лейлектеги көпүрө курулушу бүгүн башталат


Лейлек районунун Кулунду–Максат жолундагы эки көпүрөнүн курулушу бүгүн башталат. 4-сентябрга белгиленген жумуш Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү аталган аймакка келбей койгондуктан башталбай калган болчу. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов “Азаттыкка” билдирди.

Көпүрө Жаңы-Жер, Бешкент, Маргун жана Кулунду айыл өкмөттөрүн район борбору менен байланыштыруу үчүн зарыл. Аталган кыштактардын тургундары учурда Тажикстандын бажы посту аркылуу каттайт.

Көпүрө курууга мамлекеттен 35 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Бейшемби күнү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү Баткендин Ак-Сай айылында жолугуп, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жана Исфара – Ворух жолунун курулушуна жеринен күбө болушту.

Быйыл жыл башынан бери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада бир канча жолу жаңжал чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG