Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Улуттук банк долларга байланыштуу билдирүү таратты


Доллар курсунун өсүп жатышынан улам алдыдагы дем алыш күндөрү валюта рыногунун айрым жеке өкүлдөрү бааны өз алдынча жогорулатышы же түшүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу эскерткен Улуттук банк жарандарды доллар эсебиндеги төлөмдөрдү иш күндөрү жүргүзүүгө чакырды.

Мекеменин маалыматына ылайык, Орусия менен Украина ортосундагы жагдайга байланыштуу жана сезондук факторлордон улам валюта рыногунда доллардын сомго карата курсу соңку күндөрү өсүп кетти. Учурда 1 АКШ доллары 53 сом 32 тыйынга барабар болууда. Ал эми жыл башынан бери доллар 8,41 пайызга жогорулаган. (SE)

XS
SM
MD
LG