Бишкек шаарынын Мурас-Ордо жаңы конушунда мектеп жок болгондугуна байланыштуу ал жактагы балдар Озерное айылындагы мектепке барышат. Озерное айылындагы мектепке 192 окуучу батат. Окуучунун көптүгүнөн улам учурда мектепте 1500дөй окуучу билим алып жатат. Мектепке окуучулар батпай бир партага төрттөн бала отурат. Ошондой эле окуучулар спорт зал жана мектептин устаканасында сабак өтүшүүдө. (Сапар Акунбековдун фотосу)
Устаканадагы класс, бир партада төрттөн бала

1
Окуучулар бир партага төрттөн отурууга аргасыз.

2
Спорт залдагы сабак.

3
Класс ордуна устакана.

4
1-класстын окуучулары мектептин устаканасында окуп жатышат. Сумкалары батпай калгандыктан кире беришке коюп коюшат.

5
1-класстын окуучулары устаканада сабак окушууда. Устакананы класска окшоштуруп жасап коюшкан.

6
Мектепке балдары батпай калган ата-энелердин митинги.

7
Лаборатория дагы бош эмес.

8

9
Бул класстагы окуучулар бир партага төрттөн, окуучунун баары сабакка толук келген күнү бештен отурат.

10
Класс кичинекей болгондуктан, эшикти ачып сабак өтүшөт.

11
Мектептин директору Нурмамат Токтоназаровдун айтымында, мектепте 1500 бала окуйт. Учурда анын 500үнүн ата-энесине балдарын башка мектепке которуу сунушталып жатат.

12
Мектепке окуучу батпай, кезекте турушат.

13
Класстык бөлмө жетишсиздигинен улам, көптөгөн окуучулар мектептин тышында калган.