НАТОнун кийинки саммити 2016-жылы Польшада өтмөй болду. Бул тууралуу Түндүк альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн Уэльсте өткөн жыйында билдирди. Анын белгилешинче, саммитти Польшада өткөрүү эң туура чечим болгон. “Бул чечим аталган өлкөнү колдой турганыбызды көрсөтөт жана НАТОнун Чыгышта да бар экенинен кабар берет”,- деп билдирди Расмуссен.