Босния-Герцеговинанын кенчилер профсоюзунан кабарлашкандай, жер титирөөдөн кийин жер алдында калган шахтерлордун бешөө каза болду. Калган 29 кенчи аман-эсен куткарылды.
Esad Civic кенинин менеджери куткаруу иштери токтотулганын, жер астында калган беш адамды табуу мүмкүн болбогонун билдирди.
4-сентябрда Босния-Герцеговинанын Зеница шаарына жакын жерде 3,5 баллдык жер титирөө катталып, 34 босниялык шахтер 500 метр тереңдикте камалып калган. (КЕ)