Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Караколдо “Бир дүйнө – Кыргызстандын” тасмалары көрсөтүлгөн жок


Каракол шаарынын жетекчилиги “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын бүгүнкүгө белгиленген тасмасын көрсөтпөй коюшту. Бул тууралуу аталган фестивалдын негиздөөчүсү Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарынын вице-мэри тасмаларды көрсөтүү үчүн “УКМКдан уруксат алып келгиле” деген талап койгон.

- Биз күн мурунтан тасмаларды көрсөтүү боюнча макулдашканбыз. Бул жакта УКМКдан уруксат алгыдай коркунучтуу эч нерсе жок. Адам укуктарына арналган 3 даректүү тасма көрсөтмөкпүз. Алар кыргызстандык жаш режиссер тарткан эмгек мигранттары, сексуалдык кулчулук тууралуу тасмалар. Дагы бир тасма Жакартадагы аялдардын жерге болгон укугу тууралуу, -деди Исмаилова.

Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова аталган тасмаларды УКМКнын уруксатысыз көрсөтүү мүмкүн эместигин айтууда.

Кечээ аталган тасмалар мэриянын каршылыгынан улам Чолпон-Атада да көрсөтүлгөн эмес. Уюштуруучулар жергиликтүү бийликтин бут тосууларынан кийин даректүү тасмаларды Сары-Ой айылынын мектебинде көрсөтүшкөн.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалар 15 күн ичинде өлкөнүн эң алыскы 24 айылында көрсөтүлмөк.

Быйыл 8-жолу өтүп жаткан даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы Бишкекте 7-11-октябрь күндөрү өтөт. Даректүү тасмалар көрөрмандарга “Манас” кинотеатрында сунушталат. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт.(UEz/TSh)

XS
SM
MD
LG