Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:36

Футбол: Кыргызстандын курамасы Казакстанга 7:1 эсебинде утулду


Казакстандын Астана шаарында өткөн футбол боюнча беттеште Кыргызстандын курамасы 7:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Эки өлкөнүн достук беттеши 5-сентябрда “Астан-Арена” футбол талаасында болуп өттү.

Казакстандын курама командасы кыргызстандыктардын дарбазасына оюндун биринчи бөлүгүндө 3, экинчи бөлүгүндө 4 гол киргизишти.

Кыргызстандык Кайрат Жыргалбек уулу 72-мүнөттө гана боордоштордун дарбазасына бир гол киргизгенге үлгүрдү. (UEz)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG