Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

“Көчмөндөр оюнуна” Назарбаев да келбей калды


9-сентябрда башталчу түрк тилдүү элдердин “Көчмөндөр оюну” деп аталган улуттук ат оюндарына сыйлуу конок катары чакырылган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да келе албай тургандыгын билдирип, оюндун катышуучуларына өзүнүн куттуктоосун жөнөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик протокол департаментинин башчысынын орунбасары Айбек Маматбеков билдирди.

Назарбаевдин куттуктоосунда “биринчи жолу өтүп жаткан улуттук ат оюндары көчмөндөрдүн башын бириктирип, алардын руханий дөөлөттөрүн сактоого мүмкүнчүлүк түзөт” деп айтылат.

Мындан мурдараак Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 11-12-сентябрда Дүйшөмбүдө өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу “Көчмөндөр оюнуна” катыша албай тургандыгын билдирген.

Айрым маалымат каражаттары “Көчмөндөр оюнуна” президент, премьер-министр жана парламент төрагасы тарабынан чакырылган Азербайжан, Ооганстан, Венгрия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан президенттери келбей тургандыгын жазып чыгышты.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG