Өздөрүн "элдик республика" атап алган Донецктин өкүлдөрү туткунга түшкөн украин аскерлерин Киев бийликтерине өткөрүп берүүгө даяр. Донецктин өкмөт башчысы аталган Александр Захарченко эгер Киев колго түшкөн жикчилдерди кайтарып берсе, туткундагы украин аскерлерин бүгүн бошотууга даяр экенин билдирди.
Мындан мурдараак Украинанын коопсуздук жана коргонуу кеңешинин төрагасы Андрей Лысенко орус жикчилдеринин колунда 200 украин аскери бар экенин айткан.
Орусиялык журналисттин өлүмүнө шектелип, камакка алынган украин учкучу Надежда Савченконун туткун алмашууда бошонорун анын жактоочусу Марк Фейгин Твиттердеги баракчасына жазды.
Украина бийлиги жана Донецк, Луганск облусундагы жикчилдер 5-сентябрда ок атышпоо жана туткундарды алмашуу боюнча макулдашкан. Кийинчерээк украин президенти Петр Порошенко туткундарды алмашуу бүгүн башталарын кошумчалаган.