Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кыргыз опера ырчысы Италияда үн созду


Кыргызстандык опера ырчысы Жеңишбек Ысманов Италиянын Модена шаарында дүйнөлүк атактуу ырчы Лучано Павароттиге арналган концертте ырдап чыкты.

Ысманов Пияца Гранде аянтында өткөн концерттеги сезимдерин “Азаттык” менен бөлүштү.

“Концерт аябай жакшы өттү. Күн сайын репетицияларды өткөрүп аттык. Италиядагы кыргызстандыктар келип колдоп турушту. 10, 18-сентябрда дагы концерт бар, буюрса, ал концерттерге да катышам. Мындан ары дүйнөлүк чоң сахналарга чыгып, дүйнөлүк масштабдагы ырчылардай болуу ниетим бар”, - деди ырчы.

Жеңишбек Ысманов Италияда 5 жылдан бери жашайт. Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. (МТо)

XS
SM
MD
LG