Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Ооганстанда уюшкан зордуктоо үчүн жети адам өлүм жазасын алды


Ооган соту жети адамды Кабулдун чет жагынан төрт аялды зордуктаганы үчүн өлүм жазасына тартты. Сот процесси жергиликтүү телеканалдар аркылуу түз чагылдырылып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Жабыркаган төрт аял өткөн айда уурдалып, зордукталган. Бул окуядан кийин алардын биринин боюна бүтүп калган.

Ооган полициясынын башчысы Захир Захирдин айтымында, айыпталгандар 3-сентябрда кармалып, эки сааттан кийин эле күнөөсүн мойнуна алышкан.

Укук коргоочулар билдиргендей Ооганстанда аялдар сексуалдык зордуктоого абдан көп кабылышканы менен, басымдуу бөлүгү намыстанып эч жакка арызданышпайт.

XS
SM
MD
LG