9-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28,
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 20...25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28 градус болот.