Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

“Аш-Шабааб” согушкерлери жаңы лидерине ант беришти


Сомалиде “Аш-Шабаб” деп аталган радикал исламчыл тобу өздөрүнүн жаңы лидери Ахмед Умар Абу Убайдеге ант беришти жана “ал-Каидага” берилгендерин тастыкташты. Бул тууралуу билдирүү радикал ислам тобунун сайтында жазылды.

“Аш-Шабабдын” мурдагы лидери  Ахмед Годан 1-сентябрда АКШнын аскерий операциясында өлтүрүлгөн. Ал өткөн жылы Найробидеги жардырууну уюштургандардын бири деп эсептелет.

Кениянын борбор шаары Найробидеги соода борборуна өткөн ишемби күнү “ал-Шабааб” тобу кол салып, 67 кишини өлтүргөн. 175 адам жаракат алган. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG