Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Миллер: Түндүк-түштүк газ куурунун 6 варианты бар


Бул тууралуу бүгүн Орусиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди. Ага ылайык, Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө газ жеткирүү үчүн негизинин эки жол тандалып алынды жана ар бир жолдун үчтөн варианты бар. Түндүк аймактарды кышында үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында оңдоп-түзөө, керектүү жабдууларды сатып алууга 260 миллиондон ашык рубль бөлүнгөнүн кошумчалады.

Өзбекстан Ошко газ берүүнү ушул жылдын апрель айында токтоткон. Бишкек болсо Ташкенден жылына 1 миллиард кубга жакын газ алып келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG