Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Абдулла Абдулла кайра саналган добуштарды кабыл албасын билдирди


Кошмо Штаттар өз кезегинде ооган президенттигине талапкер Абдулла Абдулланы аудиттин жыйынтыгын урматтоого чакырды. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки 8-сентябрда буларды билдирди:

- Биздин көз караш боюнча, Бириккен улуттар уюмунун көзөмөлүндө аудит уланып жатат. Ал жараяндын бир бөлүгү бүтүп, бирок бардык иштер аягына чыга элек. Доктор Абдулла Конституцияны урматтаарын билдирди. Биз талапкерлер менен сүйлөшүп, маселени алдыга жылдыруунун үстүндө иштеп жатабыз.

Бирок Абдулла Абдулла 14-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кабыл албасын жана улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө катышпасын белгилеген. Ал шайлоо жыйынтыгы бурмаланды, ал эми көз боёмочулук менен түзүлө турган өкмөткө барбасын айтууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG