Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Европа биримдиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды кабыл алды


Биримдиктин төрагасы Херман Ван Ромпейдин 8-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, Европа биримдигинин расмий түрдө кабыл алган жаңы санкциялары жакынкы күндөрү күчүнө кирет. Кабыл алынган санкциялар адатта Европа биримдигинин расмий журналына жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Ага чейин Чыгыш Украинада ок атууну токтотуу тууралуу келишимдин аткарылышына мүмкүнчүлүк жана ага баа берүүгө убакыт берилгени айтылууда. Бул ирет Биримдик Орусиянын "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпром" аттуу энергетикалык компанияларына санкция киргизди. Аларга Европадан насыя алууга чек коюлат. (AiT)

XS
SM
MD
LG