Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Эксперттер MH17 учагына ракета тийгенин айтышууда


Голландиялык эксперттердин айтышынча, июлда Украинанын чыгышында кулаган малайзиялык авиалайнерге “кубаттуу энергия бөлгөн обьект” тийип, анын кыйроосуна себеп болгон. Голландиянын авиакоопсуздук комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Малайзиянын "Боинг-777" учагы “техникалык себептен” же пилоттордун жаңылыштыгынан кулаганын ырастаган белгилер жок. 17-июлда Торез шаарынын жанына кулаган авиалайнерде бардыгы 298 адам болгон. Алардын көбү нидерланддардын жарандары эле. Учак түшкөн жай изилденип, көпчүлүк адамдардын сөөктөрү экспертизага аланып кеткен. Украин армиясы жана орусиячыл жикчилдер арасында жүрүп жаткан согуштан улам иликтөө токтотулган.

XS
SM
MD
LG